Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, Кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Суулуусуң, Кыргыз жери, ырдан бүткөн.
Ысык-Көл жердин көзү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары ар бир ташы.
Кең түздүү, гүл денелүү Кыргыз жери
Күн жүздүү, берекелүү Кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркын, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулар, Кыргыз жери,
Сезилет ата мээри, эне мээри.