Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа,
Бактылуусуң караанымды көрүп гана.
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем,
Бал уйкуңду, түн уйкуңду бөлүп мага.
Билем, ата, бой жеткенче эркелегем,
Билем, ата, үмүтүң чоң эми менден.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
«Садагам» деп мээримиңди төгүп мага,
Кичинекей дале көрүп мени, апа.
Көңүлүңүз ачык болуп, дүйнөң түгөл,
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана.
Жетилди эрке балаң эркелеген,
Өзүңөрдү жазбай тартам, ата-энем.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Чоң эне бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Ойлономун силерди мен күндө-түндө,
Ишенгиле, силер дайым жүрөгүмдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан эне ыйык бул дүйнөдө.